Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Акыркы аптада Кыргызстанда COVID-19дун 1091 жаңы учуру катталды


COVID-19 вирусуна каршы эмдөө. № 3 үй-бүлөлүк медицина борбору. 2021-жылдын 19-майы. Бишкек шаары, Кыргызстан.
COVID-19 вирусуна каршы эмдөө. № 3 үй-бүлөлүк медицина борбору. 2021-жылдын 19-майы. Бишкек шаары, Кыргызстан.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, акыркы бир жумада - 25-31-июлда өлкө боюнча COVID-19дун 1091 жаңы учуру катталды.

Ал бейтаптардын 911 и амбулатордук дарыланууда, дагы 180 адам ооруканага жаткырылды.

Пандемия башталган 2020-жылдан бери өлкөдө оорунун 203 776 учуру катталган. Ал эми 2022-жылдын жети айында жалпысынан COVID-19дун 19 028 учуру катталып, анын 17 034ү (89,5%) лабораториялык жол менен, дагы 1994ү (10,5%) клиникалык-эпидемиологиялык түрдө ырасталган.

Соңку маалыматтарга ылайык пандемия башталгандан бери дүйнөдө вирус дээрлик 579 миллион кишиден аныкталды. COVID-19дан көз жумгандардын саны 6,5 миллионго жакындады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG