Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Ишкер Илгиз Шаменов УКМКга чакырылды


Илгиз Шаменов
Илгиз Шаменов

Ишкер Илгиз Шаменов Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына 2-августка саат 10.00го чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 1-августта жазды.

"Эртең саат 10:00гө мени Улуттук коопсуздук комитети чакырды. Барып менде бар болгон маалыматтарды берем",- деди Илгиз Шаменов. Ал "Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы жана Айыл чарба министрлигиндеги "мыйзамсыз иштер" боюнча маалымат бере турганын айткан.

Шаменов буга чейин да "Бишкек" эркин экономикалык аймагы тууралуу пикирлерин байма-бай жазып келген. Ал Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты. Балык чарба жаатында ишкерлик жүргүзөт.

1-августта жарандык активисттер камакта жаткан Адилет Али Мыктыбек (Адилет Балтабай) менен Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) укуктарын коргоп нааразылык акциясына чыгышкан. Алар эки активисттин күнөөсү жок экенин айтып, аларга куугунтукту токтотууну талап кылышты.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, камалган жана иш козголгон блогерлерди “туура эмес чакырык жасагандар” деп мүнөздөгөн. Анын ою боюнча Адилет Балтабайдын "мыйзамсыз пикирлери" лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG