Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:16

Орусияда тажик активисттери сырдуу жагдайда “жоголду”


Рамзи Вазирбеков жана Ораз Вазирбеков. Солдон оңго карай.
Рамзи Вазирбеков жана Ораз Вазирбеков. Солдон оңго карай.

Москвадагы памир диаспорасынын активисттери Ораз Вазирбеков менен Рамзи Вазирбековдун жакындары тажик коопсуздук кызматы аларды Тажикстанга күч менен алып кеткенин айтышууда.

Мунун алдында сөз болуп жаткан адамдардын “Тажикстанга өз эрки менен келгенин” айтып берген видеосу тараган. Экөө тең тажик бийлигине оппозициячыл активист катары белгилүү. Буга чейин да чет өлкөлөрдө жашаган тажикстандыктар өз мекенине уурдалган же дайын-дареги билинбей жоголгон окуялар болгон.

Ораз Вазирбеков менен Рамзи Вазирбеков 29-июлга караган түнү Москванын Домодедово аэропортунан белгисиз жагдайда “жоголуп” кетишкен. 31-июлда “Бэхдошт ТВ” деген Ютуб каналга экөөнүн видеосу жарыяланды. Анда Ораз Вазирбеков Тажикстанга өз ыктыяры менен келгенин, “Хорог шаарындагы окуялар боюнча ага тергөө органдарынын бир нече суроолору бар” экенин айткан.

“Мен өз өлкөмө - Тажикстанга учуп келдим. Бул жерге келгенден кийин социалдык тармактардан Орусиядан мени чыгарып салганы боюнча маалыматтар тараганын билдим жана өзүм эле келгенимди айтып коёюн дедим. Мага Хорогдогу окуялар боюнча тергөө органдарынын суроолору бар экен. Бирок аны олуттуу деле кабыл алган эмесмин. Тажикстанга келгенден кийин тергөө башкармалыгына бардым. Мен бардык суроого жооп берүүгө даярмын. Айыбым жок болсо кетем. Эгерде күнөөм болсо жазасын тартканга даярмын”.

Жанындагы киши өзүн Рамзи Вазирбеков деп тааныштырып, Ораздын сөзүн тастыктады жана алар тергөөчүлөр менен экенин айтты. Эки мүнөткө жакын видеону ким тартканы, Ютубга ким жарыялаганы белгисиз. Ошондой эле экөө тасмага өз ыктыяры менен тартылганбы же кысым, коркутуу болгонбу, беймаалым. Алар Тажикстанга кантип жеткен, тергөөдө адвокат берилгенби? Бул суроолор да жоопсуз калды.

Ораз Вазирбековдун жубайы Сабрина Отамбекова 1-августта “Азаттыктын” тажик кызматына билдиргендей, жолдошу 29-июлга караган түнү Екатеринбургдан Москвага кайтып келе жатып, Домодедово аэропортунан дайынсыз болуп кеткен.

Ораз акыркы күндөрү эгерде Рамзи экөө Тажикстанга жеткирилип калса – бул тажик атайын кызматы аларды уурдап кеткенин билдире турганын айткан.

“Москвага учаардын алдында биз видеобайланыш менен сүйлөшкөнбүз. Ораз кечкиге тамак бышырып коюуну суранды. Эки жарым сааттан кийин Домодедово аэропортунан телефон чалды. Ал өзүн токтоо эле алып жүргөнү билинген. Кимдир бирөө аны аңдыганы же Тажикстанга кайтып баруу тууралуу ишарат кылган эмес. 20 мүнөттөн кийин чалсам телефону өчүк экен. Мен ага кат жаздым, бирок жооп берген жок. Ораз акыркы күндөрү эгерде Рамзи экөө Тажикстанга жеткирилип калса – бул тажик атайын кызматы аларды уурдап кеткенин билдире турганын айткан”.

Сабрина Отамбекованын сөзүнө караганда, сарсанаа болуп өзү да Домодедово аэропортуна барган жана ал жактан акыркы сааттарда Дүйшөмбү шаарына эч кандай авиакаттам болбогонун билдиришкен. Ал Ораз менен Рамзинин мекенине өз ыктыяры менен кайтып барганы тууралуу видеону Тажикстандын күч органдары даярдаган деп эсептейт.

Ораз Вазирбеков менен Рамзи Вазирбеков - Орусиянын жарандары. Бул окуя боюнча Орусиянын да, Тажикстандын да бийлиги маалымат бере элек.

Ораз Вазирбеков ушул жылдын март айында “Америка авазы” радиосуна курган маегинде аны тажик атайын кызматынын агенттери кармап, Тажикстанга өткөрүп бериши мүмкүн экенин айткан.

Былтыр ноябрь айында Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда митинг болгон. 27-ноябрда Хорогдо да кагылышуу болуп, бир топ адам жараат алганы кабарланган. Бул окуялардан кийин Москвадагы Тажикстандын элчилигине бир нече киши чогулган. Алардын арасында Ораз Вазирбеков да бар болчу. Алар Хорогдо эки жергиликтүү тургундун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү таап, жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Укук коргоочулардын айтымында, 2005-2018-жылдар аралыгында чет өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда жашаган кеминде 15 тажик жараны “уурдалган же дайынсыз жоголгон”. Бул окуялардын көбү саясий өңүттө деп эсептелет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG