Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Германияда кыргызстандык студент кыз жол кырсыгына кабылды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Германияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык студент кыздын абалы туруктуу экенин 1-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 29-июлда Ганновер шаарында болгон.

“Жабыркаган кыздын жана анын жанындагы студенттердин айтымында, жолдун өтүүгө уруксат берилбеген жеринен бараткан учурда аны полициянын машинасы сүзүп кеткен жана ал ооруканага жеткирилип, ыкчам жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерлер кыздын абалы туруктуу экенин айтышты. “Мээнин чайкалышы” деген диагноз коюлган”, - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги азыркы тапта кызга медициналык жардам көрсөтүү, кенемте төлөп берүү, иш берүүчүнүн кыздын Кыргызстанга кайтуусуна авиабилет сатып берүүсү жана окуяга тиешелүү башка да юридикалык маселелер боюнча иш жүрүп жатканын билдирди.

Кырсыкка кабылган кыз Ганноверде «Ferien Job» жайкы студенттик программасы боюнча убактылуу иштеп жатканы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG