Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Сибирде 3 миллион гектар токой күйүп кетти


Орусия Федерациясынын субъектиси – Саха Республикасындагы токойдогу өрт.
Орусия Федерациясынын субъектиси – Саха Республикасындагы токойдогу өрт.

Орусиянын Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактарында жыл башынан бери 3 млн. гектар токой өрттөнүп кетти. Бул тууралуу сандар мамлекеттик "Авиалесоохрана" ишканасынын 1-августка карата чыгарган маалыматтарында келтирилет.

Күйүп кеткен жалпы аянттын жарымына жакыны Хабарский аймагына туура келет, ал жакта 1,68 млн. гектар токой өрттөнгөн. Мунун 746 миң гектарында өрт өчүрүү иштери жүргүзүлгөн жок. Чөлкөмдө федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдар режими иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар режими Саха Республикасында да жарыяланды. Анда от 537 миң гектар аянтты каптаган. Бул Орусиянын чыгыш бөлүгүндөгү аймактардагы экинчи чоң көрсөткүч.

Орусиянын Тергөө комитети Красноярск аймагында, Амур жана Омск облустарындагы жапырт чыккан өрттөргө байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Айрым аймактарда өрт конуштардын толук күйүп кетишине жана киши өлүмүнө да алып келген. Соңку маалыматтарга ылайык, кеминде 16 киши өлдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG