Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

2-августтун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

2-августта түнкүсүн Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтөт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градуска чейин ысыйт.

Чолпон-Атада өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 24…26° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG