Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:01

Косово бийлиги Сербия менен чек арадагы кырдаалдан кийин жаңы эрежелеринен убактылуу баш тартты


Косово менен Сербиянын чек ара бекети. Мердаре. Сербия. 2022-жылдын 31-июлунан 1-августка караган түн.
Косово менен Сербиянын чек ара бекети. Мердаре. Сербия. 2022-жылдын 31-июлунан 1-августка караган түн.

Косовонун бийлиги 1-август күнү таң эрте АКШ жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Сербиядан келе тургандарга киргизилип жаткан жаңы эрежелерден баш тартты. Расмий Приштина мурда коңшу мамлекеттен каттагандардын документтерине жана авто унаасынын номерине жаңы талап кире турганын жарыялаган.

Жаңы эрежени киргизүүнүн мөөнөтү 30 күнгө жылдырылды, өз кезегинде этникалык сербдер чек ара өткөөлдөрүндөгү тосмолорун алып салууга тийиш.

Таратылган маалыматка караганда, Косовонун өкмөтү өлкөнүн түндүк тарабындагы баардык жолдор ачылганда быйыл 29-июнда кабыл алган эки чечиминин күчүн жокко чыгарары айтылган. 31-июль күнү кечке маал АКШнын элчиси Джеффри Ховениер жаңы эрежелерди эл туура эмес түшүнүп жатканына байланыштуу аны токтото турууга чакырган. Ошону менен катар ал жол тоскондор маселени сүйлөшүү жолу менен чечиши керектигин айткан. Курчуган кырдаалга НАТОнун күчтөрү көз салып турат.

Косово өкмөтү киргизип жаткан жаңы эрежелерге ылайык өлкөгө кирип жаткандар Сербиядан алган документтерин Косовонун өзүн тастыктоочу паспортуна алмаштырууга тийиш. Ал документтин мөөнөтү 3 ай. Мындан мурда ушундай эле эрежени Косовонун жарандарына карата Сербия киргизген болчу.

Ошондой эле жаңы эрежелерге ылайык Сербиянын авто номерлери Косового киргенде алмаштырылууга тийиш. Косовонун түндүк аймактарында жашаган этникалык сербдер ушул күнгө чейин жеке авто унааларында Сербиядан берилген номердик белгилерди тагып жүрүшөт. 2008-жылы Сербиядан бөлүнүп чыккан Косовонун бийлиги сентябрга чейин ал номерлерди алмаштырууну талап кылышкан.

Чек арадагы курчуган кырдаалга баасын берген Косовонун премьер-министри Альбин Курти 31-июлда жол тосуулардын артында Сербиянын өкмөтү турганын айтты. Ал эми Сербиянын президенти Александр Вучич 31-июлдагы маалымат жыйында тынчтыкты тилеп турганын, ал үчүн Косоводогу сербдерди да кырдаалды курчута турган кадамдарды жасабашын суранды. Ошол эле маалда ал эгер этникалык сербдер Косово бийлиги тарабынан кодуланса ага татыктуу жооп болорун, андан Сербия жеңишке жетерин билдирди.

Косовонун эгемендигин тааныбаган Орусия Косовону аймакта абалды курчутуп жатат деп айыптады. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Приштина киргизип жаткан жаңы эрежелерди дискриминациялык мүнөздө деп баалап, ал "серб улутундагы адамдарды Косоводон сүрүп чыгаруунун кезектеги кадамы" деп баалады. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG