Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Путин деңиз доктринасына НАТО менен АКШны башкы коркунуч катары киргизди


Владимир Путин Орусиянын Аскердик-деңиз флотунун күнүн белгилөө учурунда. Санкт-Петербург, Орусия. 31-июль, 2022-жыл.
Владимир Путин Орусиянын Аскердик-деңиз флотунун күнүн белгилөө учурунда. Санкт-Петербург, Орусия. 31-июль, 2022-жыл.

Орус президенти Владимир Путин Орусиянын жаңы аскердик деңиз доктринасын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык жекшемби, 31-июлдан тартып күчүнө кирди.

Путин Санкт-Петебург жана Кронштадт шаарларындагы аскердик-деңиз күчтөрүнүн параддарынын маанисин чечмелөө менен доктринада “Орусиянын улуттук кызыкчылыктарынын зонасы жана чек арасы” аныкталганын түшүндүрдү. Орус президенти ага арктикалык акваторияны, Кара деңизди, Охот, Беринг деңиздерин, Балтика жана Түштүк-Курил кысыктарын кошту.

Документте улуттук коопсуздуктун башкы коркунучу катары НАТОнун активдүүлүгүнүн артышы, АКШнын Дүйнөлүк океанда үстөмдүккө умтулуусу, айрым мамлекеттердин Москвага карата аймактык дооматтары, Орусияга маалыматтык жана аскердик басып жана башка нерселер аталды.

Деңиз доктринасы биринчи жолу 2001-жылы кабыл алынган. Акыркы жолу документ 2015-жылы жаңыланган. Бул Крымды аннексиялоонун жана НАТОнун кеңейүүсүнүн фонунда ишке ашкан.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG