Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Кыргызстан Украинада окуган индиялык студенттерди кабыл алуу жолдорун караштырууда


Оштогу окуу жайлардын биринде билим алып жаткан индиялык студенттер. Архивдик сүрөт.
Оштогу окуу жайлардын биринде билим алып жаткан индиялык студенттер. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан Украинадагы согуштан улам мекенине кайтып барууга аргасыз болгон индиялык студенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев индиялык кесиптеши Субраманям Жайшанкар менен жолуккан учурда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тараптардын сүйлөшүүлөрү 29-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын жыйынынын алкагында өттү. Башкы дипломаттар эки өлкөнүн соода-экономикалык, аскерий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын талкуулады.

Сүйлөшүүдө Кыргызстан менен Индиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурулду. Бул - социалдык өнүктүрүүгө багытталган тез натыйжасын берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында гранттык жардам көрсөтүү боюнча меморандум. Мындан сырткары кыргыз-индус соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрүү тууралуу сөз болду.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин маалыматына караганда, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 232 миң студент окуйт. Анын 82 миңи чет элдик студенттер.

Өлкөдө азыр 13,5 миңдей индиялык студент билим алууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG