Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:15

ӨКМ: Балыкчы, Таш-Көмүрдө сел суулары үйлөрдү каптады


Таш-Көмүр.
Таш-Көмүр.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 30-июлда саат 19:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 10го жакын турак жайдын ичин жана бир көп кабатуу үйдүн жер төлөсүн сел каптады. Ички чарбалык жолго кум аралаш шагыл түштү.

Жерине министрликтин облустук бөлүмүнөн 40 куткаруучу тартылып, сел тазаланды.

Ушул эле күнү саат 13:00 чамаларында жааган жамгырдан кесепетинен Балыкчы шаарынын Озёрная көчөсүндөгү турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду суу каптаган.

Министрликтин шаардык бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Балыкчы шаарынын айланма жолунда дагы суу каптоо катталып, коммуналдык кызматтын эки автоунаасы тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Окурмандар бул күнү Таластын Талды-Булак айылында дагы суу ташып, жолдорду, социалдык объектилерди каптаганын жазышты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG