Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:22

Кыргыз-орус Тышкы иштер министрликтеринин кеңеши өттү


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек шаарында Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Нуран Ниязалиев менен Андрей Руденконун деңгээлинде кыргыз-орус министрликтер аралык кеңеш өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуулар болду.

Тараптар алдыда боло турган эки тараптуу жана көп тараптуу тышкы саясий иш-чараларды, пландалган бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды талкуулашты. Соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелерге, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ниязалиев жеңил административдик укук бузууларды жасаган 47 миңге жакын кыргызстандыктын "кара тизмеден" чыгарылганына ыраазычылык билдирди.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 27-июлдагы маалымат жыйында Орусиянын бийлиги менен ушул тапта кыргызстандык 27 миң мигрантты "кара тизмеден чыгаруу" боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын, жакында миграциялык мунапыс жарыяланарын кабарлаган.

"Кара тизме" бир нече категориядан турат. Оор кылмыштар жана олуттуу мыйзам бузууларга айыпталган чет өлкөлүктөргө Орусияга кирүүгө биротоло тыюу салынат. Административдик мыйзам бузгандардын көбү 3-5 жылга чейин өлкөгө кире албайт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2021-жылдын күзүндө Орусия 74 миң кыргызстандык жаранга кирүүгө тыюу салганын билдирген. Адистердин эсебинде, "кара тизмеге" киргендердин саны мындан алда канча көп. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG