Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:54

Боомдогу селден улам жабылган унаа жолу бир тараптуу ачылды


Селге байланыштуу жабылып калган Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат.

30-июлда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129 чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жаап калган. Жол каттамы эки тараптуу жабылган. Мындан улам жол тыгыны пайда болгон.

Бишкек - Балыкчы темир жол каттамы дагы селге байланыштуу убактылуу жабылганын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Жаратылыш кырсыгы Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон кызып турган маалда катталды.

ӨКМ 29-30-июлда Ысык-Көлдүн айрым айылдарын сел каптаганын кабарлаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG