Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Лавров АКШ менен Орусия абактагы эки жаранды алмаштырарын ырастады


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен абактагы эки жаранды алмаштыруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастады. Бул жерде кеп Орусияда кармалып турган америкалык баскетболчу Бритни Гринерди АКШда курал сатууга айыпталган орусиялык Виктор Бутка алмаштыруу жөнүндө болууда. Бул тууралуу Лавров 29-июлда Өзбекстандын борбору Ташкентте журналисттер менен жолуккан учурда билдирди.

27-июлда Энтони Блинкен Кошмо Штаттар Орусияда абакта кармалып турган эки америкалык жаранды бошотууга байланыштуу орус тарапка олуттуу сунуш берилгенин айткан. Сунуштун мазмунун так айткан эмес.

АКШ деңиз флотунун мурдагы аскери Пол Уилан менен баскетбол жылдызы Бритни Гринерге Орусияда тагылган айыптарда саясий өңүт бар деп эсептейт.

АКШдан тышкары Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын жараны Уилан 2018-жылы Орусияда кармалып, ага "АКШнын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылган" деген айып коюлган. Уилан Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана барганын айткан. Сергей Лавров өз билдирүүсүндө Уилан жөнүндө айткан жок.

Ал эми Гринер АКШ "Москва Украинага кол салышы мүмкүн" деп улам эскертип жаткан маалда камалган. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков “белгилүү спортчу тыюу салынган каражаттарды сактаганы үчүн кармалгандыктан анын ишинде эч кандай саясий жүйө жок” деп айткан.

Блинкендин билдирүүсүнөн кийин кеп аталган эки америкалыкты азыр АКШда 25 жылдык абак мөөнөтүн өтөп жаткан орусиялык Виктор Бутка алмаштыруу тууралуу болуп жатканы аныкталган. Виктор Бут АКШда мыйзамсыз курал сатууга айыпталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG