Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:02

"Кылым шамы": Эки колунан ажыраган жоокердин сот ишине чекит коюлду


Руслан Сапарбаев ооруканада жаткан учурда. Бишкек. 2018-жыл.
Руслан Сапарбаев ооруканада жаткан учурда. Бишкек. 2018-жыл.

Аскердик кызмат өтөп жүрүп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин сот ишине чекит коюлганын 28-июлда “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, соттук териштирүү үч жыл созулуп, акыры Жогорку сот мамлекет жабыркаган тарапка материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруп, тийиштүү өлчөмдө кенемте төлөп бериши керек деген чечим чыгарды.

Абдирасулова бул ишти алып барган укук коргоочу Азиза Абдирасуловага жана адвокат Агзам Дүйшөналиевге ыраазычылыгын билдирди.

2018-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Руслан Сапарбаев токко урунуп, эки колунан ажыраган. Анын атынан Башкы штабга каршы арыз жазылып, 5,2 миллион сом (1 миллиону моралдык зыян үчүн, 4,2 миллиону колунун ордуна салынуучу протез сатып алуу үчүн) талап кылынган.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка жоокер өзү күнөөлүү экенин, ал трансформаторго колун салып алганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG