Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:40

Кадеттер арасында Дүйнө чемпионатында Жаркынай Нурлан кызы коло медал утту


Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи. Кадеттер арасында Дүйнө чемпионаты. 65 килограмм. (Солдон оңго) - Мария Пантури (күмүш), (Румыния), Анжу Сато (алтын), (Жапония), Жаркынай Нурлан кызы (коло), (Кыргызстан) жана Река Жулай Ван Ос (коло), (Нидерланддар). Рим, Италия. Сүрөт uww.org
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи. Кадеттер арасында Дүйнө чемпионаты. 65 килограмм. (Солдон оңго) - Мария Пантури (күмүш), (Румыния), Анжу Сато (алтын), (Жапония), Жаркынай Нурлан кызы (коло), (Кыргызстан) жана Река Жулай Ван Ос (коло), (Нидерланддар). Рим, Италия. Сүрөт uww.org

17 жашка чейинки кыздар арасында Италиянын борбору Рим шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында 28-июлда 65 килограмм салмакта кыргызстандык Жаркынай Нурлан кызы коло медал утту.

Ал буга чейин Индиядан келген балбан кыз Анжалини жеңген болчу. Финалга чыгуу үчүн күрөштө Жаркынай Нурлан кызы жапониялык Анжу Сато менен болгон таймаштын акыркы секундаларында бир упайга уттуруп, эсеп ал ирет 6:5 болгон. Өз кезегинде Анжу Сато финалда Румыниядан келген атаандашы Мария Пантурини 5:2 эсеби менен жеңип, алтын медал тагынды.

Жаркынай Нурлан кызына чейин кадеттер арасында Дүйнө чемпионатында 2016-жылы Назира Марсбек кызы жана Мээрим Жуманазарова да коло байге алышкан. Ал эми кадеттер арасында күмүш медалды 2016-жылы Айпери Медет кызы, 2019-жылы Калмира Билимбек кызы жеңген.

Азырынча кадеттер арасында кыздардан Дүйнө чемпиону Кыргызстандан чыга элек.

Кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Мээрим Жуманазарова да 2021-жылдын октябрында Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында алтын тагынса, Айпери Медет кызы коло медал уткан.

Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан кыз-келиндер күрөшүнүн жыйынтыктары боюнча акыркы жылдарда зор ийгиликтерди жаратып, дүйнөнүн Жапония, Индия, Орусия өңдүү чоң мамлекеттери менен таймашып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG