Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Орусиянын аткылоосунан Кропивницкийде кеминде беш киши каза тапты


Бахмут шаарындагы куткаруу иштери. Донецк облусу, 27-июль, 2022-жыл
Бахмут шаарындагы куткаруу иштери. Донецк облусу, 27-июль, 2022-жыл

Бейшембиде орус армиясынын ракета аткылоосунан Украинанын Кировоград облусунун борбору Кропивницкийде бери дегенде беш киши каза тапты, 20 чактысы жаракат алды.

Облус администрациясынын башчысы Андрей Райковичтин айтымында, жарадарлар арасында карапайым тургундар менен жоокерлер бар. Ал соккулар Авиациялык академиянын кампаларына урулган, техника жана айланадагы курулуштар зыян тартты. Орус тарап ал чабуулду комментарийлеген жок.

Кропивницкий өлкөнүн борборунда, майдан тилкесинен алыс жайгашканы менен акыркы жумада экинчи жолу соккуга туш болду. Мунун алдында "Канатово" аэродромуна чабуул коюлган.

Бейшембиде Киев облусу да аткыланды. Каршы тарап кайсы жайларды бутага алганы белгисиз. 15 кишинин жабыркаганы кабарланды, каза тапкандар тууралуу маалымдалган жок.

Украин өзгөчө кырдаалдар кызматы Донецк облусундагы Торецк шаарында аткылоодон эки киши мерт кеткенин билдирди. Дүрмөт беш кабаттуу турак жайга тийген.

Айыгышкан салгылашуулар Донецк облусунда жүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG