Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Эстония орусиялыктарга студенттик виза жана туруктуу жашоого уруксат бербейт


Эстония орус жарандарына узак мөөнөттүү студенттик виза жана туруктуу жашоо уруксатын бербөө тууралуу мыйзамды жактырды. Бул тууралуу расмий маалыматка шилтеме менен Би-Би-Си жазды.

Эстон өкмөтүнүн сайтында жарык көргөн билдирүүдө мындан ары келишим менен иштөө үчүн орус жана беларус жарандары буга чейин берилген визалардын негизинде гана кире алары айтылат.

Тышкы иштер министри Урмас Рейнсалунун айтымында, Орусия Украинага ачкан согуш ал өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн, суверенитетин жана көз карандысыздыгын одоно бузуу менен катар Эстонияга, бүтүндөй Евробиримдикке коркунуч жаратат.

«Санкциялар Орусиянын агрессиясын токтотууга жардам берсе, ал биздин коопсуздугубузга да оң таасирин тийгизет», - деп айтты министр.

Июндун аягында Чехия Орусия жана Беларус жарандарына виза жана туруктуу жашоо уруксатын берүүгө салынган тыюуну эмки жылдын мартына чейин узарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG