Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

"Чек арасыз кабарчылар" уюму тажик бийлигин журналисттерди бошотууга үндөдү


Абдусаттор Пирмухаммадзода, Далери Имомали, Абдуллоҳ Гурбати жана Завкибек Саидамини
Абдусаттор Пирмухаммадзода, Далери Имомали, Абдуллоҳ Гурбати жана Завкибек Саидамини

"Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму тажикстандык журналисттердин кармалганын айыптады. Укук коргоочулар муну маалымат каражаттарын коркутуп-үркүтүү кампаниясынын бир бөлүгү деп эсептейт.

Уюм 27-июлда жарыялаган билдирүүсүндө, блогер жана журналисттер Абдулло (Авазмада) Гурбати, Далери Имомали, Завкибек Саидамини жана Абдусаттор Пирмухаммадзодага каршы иштерди "жасалма токулган" деп сыпаттады жана бийликти аларды дароо кое берүүгө чакырды.

Уюмдун аймактык директору Жанна Кавальер белгилегендей, Тажикстан коомдогу кемчиликтердин, көгөйлөрдүн бетин ачкан журналисттерди кармоо практикасын токтотууга тийиш.

Сөз болгон төрт киши быйыл июнь-июль айларында түрдүү кылмыштар, анын ичинде Тажикстанда тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу үчүн кармалган. Алардын жакындары айыптоолорду "жок жерден ойлоп табылган иш" деп аташууда.

Журналисттер менен блогерлерди бошотууга буга чейин башка эл аралык уюмдар да чакырышкан. Тажик бийлиги ал үндөөлөрдү жоопсуз калтырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG