Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Ош: Машина ичинде ур-токмокко кабылган кыз боюнча териштирүү жүрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы машинанын ичинде ур-токмокко алынып жаткан кыздын видеосу боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын бүгүн 28-июлда “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, окуя боюнча териштирүү иштери үч күндөн бери жүрүүдө.

“Үч күндөн бери биз тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Баштапкы тактоо көрсөткөндөй, коркуткан бала Ноокат районунун мурда үч жолу соттолгон тургуну болуп жатат. Учурда окуя каерде болгондугун тактоо Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүрүүдө. Азырынча кыз каерде экени так аныктала элек. Эгерде окуя Ош облусунун аймагында болсо анда биз тергейбиз. Эгерде Баткен облусунун аймагында болсо топтолгон материалдарды өткөрүп беребиз”, - деди Аширбаев.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө ур-токмокко алынган кыздын видеосу тарады. Анда автоунаанын арткы орундугунда отурган кызды коркутуп, күч колдонуу менен суракка алып жаткан эркектердин үнү угулат.

Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан былтыр кооптуу өлкөлөр катарына кирген. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG