Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Бийликти сындаган блогердин камак мөөнөтү дагы бир айга узарды


Адилет Али Мыктыбек сот залында. 2022-жылдын 27-июлу.
Адилет Али Мыктыбек сот залында. 2022-жылдын 27-июлу.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 27-июлда Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин камак мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Сот жактоочунун аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылып, эртеси күнү бир айга камакка алынган. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген, бирок кайсы башаламандык тууралуу сөз болуп жатканы так айтылган эмес.

Бүгүн сотто "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып блогер коюлган айыптарды "саясий буйрук" деп атады жана президент Садыр Жапаровго кайрылып, эркин өлкөнүн жараны экенин, бирок пикири үчүн камалып жатканын айтты:

“Карапайым активистти саясий пикири үчүн эле ушинтип камап койгону биздин өлкөбүзгө аброй арттырбайт, тескерисинче, ошол эле Садыр Жапаровдун өзүнө терс баа берилет деп ойлойм. Мен бул нерсени такыр абсурд деп эсептейм. Мамлекеттик машине сөз эркиндигин айтып жүргөн активистти тепселеп өтүп кеткендей…”, - деди Адилет Али Мыктыбек.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып камалган жана иш козголгон блогерлерди “туура эмес чакырык жасагандар” деп мүнөздөгөн жана Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин, ички иштер органдары кылмыштарды алдын алуу жана “фейктер” боюнча мыйзамдын чегинде гана иштеп жатканын билдирген.

Адилет Балтабай акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG