Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Коронавирусту танган Түркмөнстан илдетке каршы чараларды күчөтүүдө


Түркмөнстан. Ашхабад. Архивдик сүрөт.
Түркмөнстан. Ашхабад. Архивдик сүрөт.

Өлкөдө коронавируска кабылгандар жок деп кайталап келаткан Түркмөнстандын бийлиги илдетке каршы чараларды күчөтүүдө.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы көчөлөргө дезинфекциялык каражаттарды чачып жатышканын, элге базарларда беткап тагынуу көрсөтмөсү берилгенин 25-июлда жазды.

Өлкөдөгү кабарчы: “Беткапсыз жүрүүгө мындан ары болбойт. Дүйшөмбүдөн тартып балдар балакчаларга салфетка жана антисептик алып барып турууга тийиш. Мунун бардыгы элди чочутуп атат”, - деп айтып берди.

Дагы бир журналисттин айтымында, дем алыштарда санэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери Ашхабаддагы көчөлөрдү жана коомдук жайларды хлор менен тазалап жатышты.

Саламаттык сактоо системасында иштеген айрым булактардын маалыматына ылайык, түркмөн бийлиги 1-августта COVID-19га каршы жаңы чектөөлөрдү киргизгени жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG