Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Чымкентте Январь окуяларына байланыштуу айыпталып жаткан 21 кишинин кылмыш иши кыскарды


Чымкент шаары. 6-январь 2022-жыл
Чымкент шаары. 6-январь 2022-жыл

Казакстанда Чымкент шаарынын прокуратурасы Январь окуяларына байланыштуу «массалык башаламандыкка» айыпталып жаткан 21 кишинин кылмыш ишин кыскартууну чечти.

Тиешелүү токтом 5-июлда чыкканын, 25-июлда документ мурда айыпталып жаткан кишилерге тапшырылганын “Азаттыктын” казак редакциясы жазды.

Токтомго ылайык, ал иштер жабыркагандар менен айыпталгандар өз ара мунаса таап, чыгымдын орду толтурулуп, күнөөнү моюнуна алышкандан кийин токтотулду.

Активисттердин бири Нурлыбай Татаев: “Азыркы шартта соттолбоонун өзү жеңиш”, - деп комментарийледи.

Чымкентте тынч нааразылык акциялары 4-январда башталып, 5-6-январь күндөрү борбордук аянтта ок атылган. Бийлик тоз-тополоң маалында 20 кишинин набыт болгонун билдирген. Эң улуусу 37 жашта, кичүүсү 17 жашта болчу.

Шаардын Саламаттык сактоо башкармалыгы 125 кишинин жараат алганын маалымдаган. Прокуратуранын маалыматына ылайык, жарадар болгон 200дөн ашуун кишинин 72си ок жеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG