Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:27

Окуучулар бара-бара бирдиктүү формага өтүшү керек экени айтылды


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп окуучулары бара-бара бирдиктүү формага өтүшү керек деген оюн бүгүн 25-июлда Бишкекте журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Ал эгер ата-энелерге бирдиктүү мектеп формасын тандоо ыңгайсыз болуп жатса, каалоочулар үчүн дайыма классикалык вариант кала берерин айтты.

Жусупбекова пандемия учурунда мектеп формасы талап кылынбай калганын, бирок бара-бара бирдиктүү формага өтүү керек экенин, өйдө жагына ачык, ылдый жагына күңүрт түс деген классикалык кийим сунуштаса болорун белгиледи. Ошондой эле ал мектеп формасынын бир нече түрү өкмөттүн токтому менен бекитилгенин, ал токтом күчүндө экенин кошумчалады.

Кыргызстанда мектеп формасы боюнча маселенин тегерегинде талаш-тартыш көп жылдан бери уланып келүүдө.

2015-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген форманын түрлөрү милдеттүү түрдө эмес, сунуш катары берилген.

Өткөн айда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты бирдиктүү мектеп формасы тууралуу иштеп чыккан мыйзам долбоору азыр коомдук талкуудан өтүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG