Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Кыргызстандык спортчулар акыркы жарым жылда 117 медал утту


Токио олимпиадасынын катышуучулары (солдон оңго) Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов, Айсулуу Тыныбекова, Бакдөөлөт Расулбеков, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы, Үзүр Жусупбеков, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев/
Токио олимпиадасынын катышуучулары (солдон оңго) Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов, Айсулуу Тыныбекова, Бакдөөлөт Расулбеков, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы, Үзүр Жусупбеков, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев/

Кыргызстандык спортчулар акыркы жарым жылда ар кандай деңгээлдеги эл аралык мелдештерде 117 медал утуп алышты, анын отузу алтын, жыйырма экиси күмүш жана элүү төртү коло. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 25-июлда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта жаштарды жер-жерлерде спортко тартуу максатында комплекстүү иштер аткарылууда.

Министрликке караштуу дене тарбия жана спорт департменти тарабынан быйыл хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 4-дивизионуна тандап алуу оюндары, футбол боюнча Азия кубогуна тандап алуу мелдеши уюштурулуп, күрөш боюнча Азия биринчилиги өттү.

Министрдин кошумчалаганына караганда, быйыл 1-апрелден тартып маданият, маалымат жана спорт тармагындагы кызматкерлердин маянасы 100% көтөрүлдү. Бул максатта бюджеттен 2 миллиард 100 миллион сом кошумча бөлүндү. Акчаны 456 мекемеде иштеген 19 миң 425 адам алат.

"Апрелден тартып айлык акыны саноонун жаңы формасы киргизилди. Азыркы тапта маянанын минималдык базалык өлчөмү 7 миң 40 сом, бул суммага коэффициенттер кошулат", - деди Азамат Жаманкулов. (KO)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG