Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:43

Чүй облустук соту Куреновду абакта калтырды


 Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) сот залында. Сүрөт архивден.
Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) сот залында. Сүрөт архивден.

25-июлда Чүй облустук соту жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулун (Куренов) шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу адвокаттын апелляциялык арызын карап, Аламүдун райондук соттун аны абакта калтыруу боюнча өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Эми Тилекмат Кудайберген уулу жаза өтөө мөөнөтү бүткөндөн кийин гана - сентябрь айында эркиндикке чыкмакчы. Бул тууралуу отурумга катышкан саясатчы Жеңиш Молдакматов "Азаттыкка" маалымдады.

2021-жылдын 20-августунда Бишкектин Свердлов райондук соту жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин ("Шайлоочуларды сатып алуу") 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап келген Тилекмат Кудайберген уулу "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу бийликти кулатууга чакырык жасаган деген негизде быйыл 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. 26-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Кийин Аламүдүн райондук соту Куреновду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу боюнча өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Активист "Жетим-Тоону коргоо" кыймылын жетектеп, "Ханституцияга каршы" тобуна мүчө болгон. 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо "Туран" партиясын жетектеп чыккан.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков өткөн аптада маалымат жыйынында Тилекмат Кудайберген уулунун жазган постторунда кылмыштын белгилери аныкталганын билдирген. Оппозиция өкүлдөрү жана эл аралык укук коргоо уюмдары бул ишти саясатчыны карманган көз карашы үчүн куугунтуктоо катары баалап келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG