Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Алматыда байкоочулардын укуктарын коргоп пикетке чыккан активист кармалды


Жалгыз пикетке чыккан казакстандык активист Данияр Супиев.
Жалгыз пикетке чыккан казакстандык активист Данияр Супиев.

24-июлда Алматынын полициясы шайлоодогу байкоочулардын укуктарын чектеген мыйзамдык өзгөртүүлөргө каршы пикетке чыккан активист Данияр Супиевди кармап кетти. Ал Желтоксон жана Сатбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жалгыз пикет өткөрүп жаткан.

“Бул өзгөртүүлөр байкоочулардын укуктарын аябай чектейт. Көз карандысыз байкоочуларды жөнөтө турган уюмдар эми атайын аккредитациядан өтүшү керек деген норма жеке мага жакпайт. Менимче, шайлоолорго мындай жол менен байкоо салдыруу туура эмес. Бул өзгөртүүлөр кабыл алынса, Казакстанда көз карандысыз байкоо жүргүзүү жок болот. Мен бул өзгөртүүлөр жок дегенде толукталып чыгышын талап кылам”, - деп билдирди Данияр Супиев “Азаттыктын” казак кызматына сүйлөп жатып.

Акимчиликтин өкүлдөрү активисттин иш-аракеттери мыйзамсыз экенин билдиришти. Супиев өзү аларга пикет өткөрөрүн 21-июлда эле кабарлаганын, бирок мекеме “маалымдаманы беш күн мурун берүү керек” деген жүйө келтиргенин айтууда.

Казакстанда шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү талкуулоо 28-июлда аяктайт. Өзгөртүүлөр Юстиция министрлиги тарабынан даярдалып, көз карандысыз байкоочулардын укуктарын кыйла чектейт. Мисалы, Казакстанда өткөн шайлоолорго чет элден каржыланган бейөкмөт уюмдарда иштеген казак жарандары байкоо сала албайт.

Данияр Супиев түшүнүк кат жазып берип бошотулган. Ал административдик жазага тартылышы ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG