Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Акын Вячеслав Шаповалов дүйнө салды


Вячеслав Шаповалов.
Вячеслав Шаповалов.

Кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповалов 75 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

Вячеслав Шаповалов 1947-жылы 28-октябрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Шаповалов Орусиядагы "Русская премия" эл аралык сыйлыгына «Евроазис» аттуу ыр жыйнагы менен татыган. 2017-жылы Кыргыз-Орусия Славян университетинин «Перевод» илимий борборун башкарып турган учурда III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Акын, окумуштуу, котормочу Вячеслав Шаповалов классикалык чыгармаларды которгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG