Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:29

Украинанын түштүгүндө кыйноого кабылгандар жөнүндө баяндама жарыяланды


Human Rights Watch (HRW) укук коргоочу эл аралык уюму орус армиясы Украинанын түштүгүндө Херсон жана Запорожьедеги оккупацияланган аймактарда туткунга түшкөн аскерлерди, жайкын тургундарды кыйноого алган деп айыптады.

Укук коргоочулар ондогон күбөлөрдүн сөзүнө таянууда. Алардын айтымында, орус аскерлерине байланыштуу жергиликтүү тургундардын дайынсыз кетип же себепсиз кармалган кырктан ашык окуя аныкталган. Human Rights Watch уюму айрым туткундар кыйноого кабылганын белгилеген. Укук коргоочулар үч аскер туткунунун кыйноого кабылганы жөнүндө документ даярдашты. Алардын экөө өлгөндөр.

“Орусиялык күчтөр Украинанын түштүгүндөгү оккупацияланган аймактарын түбү жок коркунуч, жапайы мыйзамсыздыкка айлантты”, - деди укук коргоочулар тобунун эксперти Юлия Горбунова. Горбунова кармалгандар катара ырайымсыз мамиле болгонун белгилеп, Орусия бийлигин мындай аракетин токтотууга чакырды.

"Медуза" басылмасы эл аралык уюмдун баяндамасындагы кыйноого кабылгандардын арасында Орусияга каршы акцияга катышкандар, уюштургандар, журналисттер, жергиликтүү мамлкеттик кызматкер болгонун белгилеп жазды.

Орусия бийлиги туткундардын кыйноого кабылганы боюнча жооп бере элек. Расмий Москва Украинадагы аскер кылмыштарын четке кагып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG