Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

АКШ Украинага кезектеги аскердик жардамын жөнөтөт


HIMARS реактивдүү артиллериялык системасы.
HIMARS реактивдүү артиллериялык системасы.

Украина дагы төрт даана HIMARS реактивдүү артиллериялык системасын алат. Жума күнү Пентагон Украинага 270 миллион долларлык кезектеги аскердик жардам бөлүнгөнүн жарыялады. Анын алкагында төрт HIMARS реактивдүү артиллериялык системасынан сырткары 580 Phoenix Ghost учкучсуз учуучу аппарат, HIMARS системасына 36 миң ракета берилет.

Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин өкүлү Жон Кирбинин айтымында, бул куралдар Украинага оруя армиясына туруштук берүү үчүн керек.

“Президент Байден украин элин жана өкмөтүн канча убакыт болбосун колдоону уланта берерибизди ачык түшүндүрдү”, - деди Кирби.

Батыш украин армиясы алардын куралын натыйжалуу пайдаланып, орус аскерлеринин аймагына, курал кампаларына сокку уруп жатканын айтууда. Өткөн шаршембиде Орусиянын аскердик техникалары өтүп жаткан Херсондун жанында Днепрдан кийинки стратегиялык көпүрө талкаланган. Украина тарап ага HIMARS системасынан ракета атканын билдирди. Орусия бир нече жолу HIMARS системаларын талкалаганын жарыялаган. Бирок Киев муну четке кагып келет.

АКШ Украинага Орусия басып киргенден бери жалпы 8 млрд. 200 миллион долларлык аскер жардамын берди. Май айында АКШ Конгресси Украинага экономикалык жана аскердик жардам катары 40 млрд. доллар бөлгөн. Соңку пакеттеги жардамды кошкондо Украинага 20 даана HIMARS реактивдүү артиллериялык системасы берилди.

Украинага АКШ баш болгон Европа өлкөлөрү, Жапония, Австралия миллиардаган доллар аскердик жана каржылык жардам көрсөтүүдө. (TSh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG