Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Орусиянын аскер күчтөрү Харьков жана Запорожьени аткылады


Орусиянын “Град” жапырт аткылоочу системалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын “Град” жапырт аткылоочу системалары. Иллюстрациялык сүрөт.

Ишемби күнү эртең менен Украинанын шаарларында жардыруулардын үнү угулду. Харьков жана Запорожье шаарларында эки жолу аба коркунучу жөнүндө эскертүү берилди. Харьковдун мэри Игорь Терехов шаардын борбордук райондоруна бир нече катуу сокку урулганын билдирди. Бир адам жараат алганы, куткаруучулар иштеп жатканы кабарланды.

Эртең менен Николаев шаарында да жардыруулар болду. Шаар мэри Александр Сенкевия курмандыктар жок экенин маалымдады. Днепропетровск облусунун Никопол жана Криворожск шаарлары дагы аткылоого кабылды. Аймактын аскердик администрация башчысы Валентин Резниченко соккулардан газ түтүктөрү жана электр түйүндөрү талкаланганын билдирди. Курмандыктар жок.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны "денацификациялоо" жана "демилитаризациялоо" деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

Согуш башталган беш айдан бери Украинада миңдеген, айрым эсептер боюнча он миңдеген жайкын тургундар каза болду. Эки тараптын кагылышуусунан эле миңдеген аскерлер кырылды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG