Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:01

Соңку бир жылда кыргыз-тажик чек арасынын 82 чакырымы макулдашылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстан 2021-жылдагы окуядан бери ортодогу 82 чакырым чек ара тилкеси боюнча макулдаша алышканын 22-июлда “Азаттык” радиосуна Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Баткен облусунда кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн топографиялык жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу башталды. Ал беш күнгө созулат.

2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында кандуу окуя катталып, жаңжалда Кыргызстандан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт кетип, 87си жабыркаганы расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. (BTo/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG