Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:43

Иранда спикердин эс алуусу жөнүндө айтып чыккан активист камалды


Вахид Аштари жарыялаган Мохаммад Бакер Калибафтын аялынын эс алып жүргөн сүрөтү.
Вахид Аштари жарыялаган Мохаммад Бакер Калибафтын аялынын эс алып жүргөн сүрөтү.

Иранда парламент спикери Мохаммад Бакер Калибафтын чет жакка саякаты жана кымбат буюмдарды сатып алуусу тууралуу маалыматтарды жарыялаган активист Вахид Аштари эки жылга камалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Иран кызматы (“Фарда” радиосу) кабарлады.

Вахид Аштари апрель айында Калибафтын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Түркияда саякаттап жүргөн сүрөттөрүн жарыялаган. Анда алар чоң 20 чемодан, өтө кымбат баалуу бешик араба жана башка нерселер менен баратканы тартылган. Мындан кийин түркиялык журналисттердин бири Калибафтын аялы Стамбулда 1,6 миллион долларлык үй сатып алганын жазып чыккан.

Спикердин тарапташтары атаандаштары аны кызматтан кетирүү үчүн атайылап чуу чыгарып жатышканын айтууда. Алар Аштарини мурдагы президент Махмуд Ахмединежаддын тушунда Ирандын өзөктүк программасы боюнча башкы сүйлөшүүчү болгон Саид Жалили менен байланыштырат.

Мохаммад Бакер Калибаф мурда Тегеран шаарынын мэри болгон. 2005-жылы президенттик шайлоого катышып, Ахмединежадга утулуп калган. 2020-жылдан бери Ирандын парламентинде спикер. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG