Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:52

Таласта мектеп директорлугуна тандаган сынакта төрт талапкердин үчөө өтпөй калды


Мектеп директорлук кызматка тандоо учуру. 21-июль, 2022. Талас.
Мектеп директорлук кызматка тандоо учуру. 21-июль, 2022. Талас.

Билим берүү жана илим министрлиги Талас облусунда мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынак өткөрдү.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Талас районундагы "Манас" мектеп-лицей-интернатына жана Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернатына директорлорлук кызматка жети талапкерден арыз түшүп, төртөө сынакка катышты. 1,5 саатка созулган тестте “Башкаруучулук менежмент”, “Педагогика”, “Курак психологиясы”, “Нормативдик укуктук актылар”, “IT компетенциялары” (колдонуучу деңгээлинде) сыяктуу темалар боюнча суроолорго жооп беришти. Директорлорду тандоо жараянына жарандык коомдун өкүлдөрү көз салып турушту.

Тестирлөөнүн жыйынтыгында "Манас" интернат-лицейинин директорлугуна талапкер эң көп балл топтоп, 60 пайыз босого чектен өткөн. Калган талапкерлер 60% босогодон өтпөй калды. Натыйжада Чалдыбар мектеп-интернатынын директору кызматына бош орун ачык бойдон калды.

Билим берүү жана илим министрлиги компьютердик тестирлөөнүн бардык катышуучулары апелляцияга арыз бергенин, андан кийин да жыйынтык өзгөрүүсүз калганын белгиледи.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койгон.

Жарлык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталганы кабарланып, сынактын шарттары президенттин сайтында толук жазылган.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмаша турганын билдирген. Мектеп директорлору беш жылдык мөөнөткө дайындалып, андан ашык иштегендер кызматынан бошотулат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG