Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Евробиримдик Орусияга айрым товарларды жеткирүүгө уруксат берди


Орусиянын авиакомпанияларынын учактары. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын авиакомпанияларынын учактары. Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги (ЕБ) Орусияга салган санкцияларынын жетинчи пакетинде авиация тармагындагы тейлөөгө жана айрым товарларды жеткирүүгө тыюуну алып салды. Бул тууралуу ЕБдин Кеңешинин билдирүүсүндө айтылат.

Документте ICAO (International Civil Aviation Organization) – Эл аралык жарандык авиация агенттигинин коопсуздук стандарттарын камсыздоо үчүн зарыл болгон нерселерди Орусиянын учактарын тейлөө үчүн жиберүүгө уруксат берилери көрсөтүлгөн. Бирок кайсы тетиктерди ташууга тыюу алынганы так айтылган эмес.

20-июлда ЕБ Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу кезектеги, жетинчи санкциялар пакетин жактырды. Чектөөлөр Орусиядан алтынды жана зер буюмдарды алып чыгууга тыюу салат жана Сбербанктын Батыштагы активдерине бөгөт коёт. Санкциялар ошондой эле 50дөн ашык юридикалык жана жеке жактарга жаңы экспорттук көзөмөлдү жана чектөөлөрдү камтыйт. Орусиянын азык-түлүк товарларын экспорттоого санкциялардын тиешеси жок экени өзүнчө белгиленген.

Москва Украинага кол салгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусиянын авиация тармагына санкция салган. Анын ичинде бул өлкөгө учактарды жана алардын тетиктерин сатууга тыюу салынган. Орусиянын авиакомпаниялары лизингге алган 400дөй учакты кайтарып берүүдөн баш тарткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG