Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:30

АКШ президенти Жо Байден коронавирус жугузуп алды


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байдендин COVID-19 вирусун жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Ак үй кабарлады.

Байден обочолонуу режимине өттү. Ал буга чейин эки жолу вакцина алган, учурда оорунун белгилери жеңил өтүп жатканы айтылды. Кызматкерлер менен телефондон байланышып, кызматын аткарууну улантып жатат. Алдын ала белгиленген жолугушууларга видео аркылуу байланышка чыгууда.

Президент тапшырган тесттен коронавирустун терс жыйынтыгы чыккан учурда кадимки режимге кайтып келет. Байден 13-июлдан 16-июлга чейин Жакынкы Чыгышта иш сапарда болгон. Анда Израилде, Палестин автономиясында жана Сауд Арабиясына барып кайткан.

Соңку күндөрү дүйнөдө коронавирус кайрадан күчөп жаткан. Эң көп учурлар Жакынкы Чыгышта, Европада жана Орусияда аныкталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG