Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Орусиянын аскерлери Украинанын Никополь жана Харьков шаарларын аткылады


Орусиянын “Град” жапырт аткылоочу системалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын “Град” жапырт аткылоочу системалары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аскерлери Украинанын Запорожье облусунун Никополь жана Харковь шаарларына кайрадан сокку урду.

Украин күчтөрүнүн маалыматына караганда, ракеталар “Град” жапырт аткылоочу системаcынан атылган. Турак жайга тийген соккудан эки адам каза болуп, ондогон адамдар жабыр тартты.

Славянск багытындагы кармашта бир нече айылдар аткыланды, Краматорск багытында да бир катар конуштарга артиллериялык дүрмөттөр түштү. Авдеев, Новопавловск, Запорожье, Харьков багыттарында да абал ушуга окшош. Бахмут багытында орус аскерлери Углегорск жылуулук электр борборун алууга аракет кылып, украин күчтөрү аларды сүрүп чыккан. Славянск багытындагы кармаштарда орус тарап чоң жоготууга туш болгону айтылды.

Украинанын Куралдуу күчтөрү алыскы аралыкка атылчу ракеталар менен Херсон, Берислав жана Кахов райондорундагы Орусиянын алты курал-жарак кампасын жок кылганын маалымдады. Украин тарап аларды өздөрүнүн артиллериялык куралдары жана америкалык HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары менен аткылады.

Украин президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда бул жана башка куралдарды башка өлкөлөрдөн алып келүү аракеттери уланып жатканын айтты.

“Биздин мамлекеттин өкүлдөрү абадан коргонуу системаларын алуу үчүн бир да күн тынбай иштеп жатат. Азырынча бизде аз-маз жетишкендик бар. Бирок баары бизден көз каранды эмес экен. Көп маселелер чечүүчү өлкөлөрдүн борборунда кабыл алынышы зарыл болууда”, - деди Зеленский.

Күн мурун АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Украинага дагы төрт HIMARS реактивдүү артиллериялык системасы жөнөтүлөрүн маалымдаган. Вашингтон Киевге буга чейин HIMARS системасынан 12 даана жөнөткөн. Жаңы системалар келсе, алардын жалпы саны 16га жетет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG