Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди


Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Чолпон-Ата шаарында 21-июлда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмесине катышуу үчүн Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди.

Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

40 жаштагы Сердар Бердымухамедов быйыл март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон кийин бийликке келген. Бул анын Кыргызстанга алгачкы сапары.

Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга кечээ, 20-июлда келген. Жыйынга катышуу үчүн Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун да келери күтүлүп жатат.

Чолпон-Атада өтчү Борбор Азия лидерлеринин төртүнчү кеңешмесинде чөлкөмдүн беш мамлекети достукту, ынак кошуналыкты жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк келишимине кол коеру күтүлүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG