Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:11

Саммитке байланыштуу Тамчы-Чолпон-Ата жолуна убактылуу чектөө киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна байланыштуу 21-июлда Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо 9:00дөн 10:00гө чейин толук чектөөлөр киргизиле турганын кабарлады.

Маалыматка карганда, делегациялар келген маалда гана жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган автоунаалар эвакуацияланат. Аталган башкармалык жолдо жүрүү эрежерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жол боюнда таштабоого жана кароосуз калтырбоого чакырат.

21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG