Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Путин Европага газ берүү кыскара турганын айтты


Владимир Путин Тегерандагы биргелешкен басма сөз жыйынында.
Владимир Путин Тегерандагы биргелешкен басма сөз жыйынында.

"Түндүк агым-1" газ кууру менен Европага көгүлтүр отун жеткирүү июлдан тартып кыскарат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Тегерандагы саммиттин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында айтты.

Ал мунун ордун толтуруу үчүн "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизүүнү сунуштады. Аны Германия Москванын Украинага кол салуусунан кийин токтотуп койгон эле.

Путиндин сөзүнө караганда, келерки аптадан тартып орусиялык "Газпром" монополист компаниясы газды сордурган агрегатын оңдоого жиберет. Натыйжада "Түндүк агым-1" куурундагы өткөрүү суткасына 30 миллион куб метрге чейин түшөт. Бул анын кубаттуулугун бештен бирин түзөт.

Украинадагы согуш башталгандан кийин “Газпром” аталган газ кууру менен өткөрүүнү 167 миллион куб метрден 67 миллион куб метрге чейин азайткан. Андан кийин оңдоо иштерине байланыштуу токтотулган жана 21-июлда газ берүү кайрадан жанданмак.

Орусия 11-июлдан тартып "Түндүк агым-1" газ кууру аркылуу Германияга көгүлтүр отун жеткирүүсүн токтоткон. Бул оңдоо иштерине байланыштуу экени жана ага чейин эки турбина бузулганы айтылган. Ушул күндөрү Канада куурдун турбиналарын оңдоп бүтүп, кайра кайтарган.

Ага карабай Германия жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрү Украинадагы согуштун фонундагы тирешүүдөн улам газ берүү кайрадан жанданышынан күмөн санап турушат. Мындай жагдай Европада кризис жаратышы мүмкүн.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү "Түндүк агым-1" куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары "Түндүк агым-2" долбоорун курду. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Учурда анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон. “Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG