Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачынын өлүмү иликтенип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачынын өлүмү иликтенип жатканын 20-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 19-июлда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Түштүк Бокбашы ашуусунда болгон.

Мамлекеттик чек араны кайтаруу учурунда жоокерге капысынан аюу кол салган. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок алган жарааты оор болгондуктан өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбой калган.

Маркум 20 жашта болчу, ал аскердик кызматты келишимдик негизде аткарып жаткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG