Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Орусия Украинанын Краматорск шаарын кайрадан ракета менен аткылады


Украинанын Краматорск шаарына урулган соккунун кесепеттери.
Украинанын Краматорск шаарына урулган соккунун кесепеттери.

Орусиянын күчтөрү 19-июлда Украинанын Краматорск шаарынын борбордук бөлүктөрүн ракета менен аткылады. Бул тууралуу шаардын мэри Александр Гончаренко Телеграмда кабарлады.

Жаңы чабуулдардан бир нече адам өлгөнү белгилүү болду. Бир нече турак жай талкаланып, өрттөндү. Шаар күн мурун да аткыланган, анда өндүрүш зоналарына ракеталар тийген.

Краматорск шаары Донецк облусунда, анда 150 миңдей тургун жашайт. Украин расмийлери Орусия жикчилдерге облус аймагын бошотуп берүү үчүн бул шаарга чабуулун күчөтөт деп күтүп жатышат. Аны орус аскерлери кол салуунун башында да бир топ сокку урган.

Орусия бүткүл Украинанын үшүн алып туруу үчүн согуш жүрүп жаткан линиядан алыста турган шаарларды да улам-улам аткылап жатат. Июндун аягында Кременчуг шаарындагы соода дүкөнүнө урулган соккудан 20дан ашык киши өлгөн, июлдун башында Часов Ярга жасалган чабуулдан 50дөй адам мерт болду. 16-июлда Винница шаарына урулган соккудан 24 жайкын тургун жан берди.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Орусия Украинага кол салган февраль айынан бери бул өлкөдө беш миңден ашык жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Орус күчтөрү калктуу жайларды аткылаганын төгүндөп келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG