Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Саясий кризистерден улам Пакистандын валютасы күчүн жоготту


Пакистандын улуттук валютасы – рупийди жана АКШ долларын кармап турган кишилер. Иллюстрациялык сүрөт.
Пакистандын улуттук валютасы – рупийди жана АКШ долларын кармап турган кишилер. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын улуттук валютасы – рупий АКШ долларына карата болуп көрбөгөндөй күчүн жоготуп, эң төмөнкү чекке түштү. 18-июлда бир доллар 215 рупийге сатылып жатса, 19-июлда ал 224 рупийге теңелип калды.

Рупийдин кунун жоготушу ички саясий туруксуздукка байланыштуу болуп жатат. Мындан сырткары дүйнөлүк экономикадагы кризистердин Пакистандын экономикасына тийгизген таасири да буга бир себеп катары айтылууда. Жергиликтүү эксперттер бул жагдай инфляцияны дагы күчөтөрүн эскертүүдө.

Мунун алдында Пенжаб провинциясында кошумча шайлоодо мурдагы премьер-министр Имран Хандын оппозициялык партиясы “Техрик-е Инсаф” утуп чыккан. Анын жеңиши учурдагы өкмөттүн кызматтан кетишине алып келет деген пикирлерди күчөттү. Имран Хан парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

Үч жылдай бийликте отурган мурунку крикет жылдызы Имран Ханга 10-апрелде парламент ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Добуш берүү түн ортосунда болуп, анын ордуна Пакистан Мусулман лигасы партиясынын лидери Шахбаз Шариф бекилген. Хан жаңы өкмөттү курганын билдирген жана кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган. Май айында Хандын тарапташтары менен полициянын ортосунда кагылышуу болуп, тартип коргоочулар демонстранттарга жаш чыгарчу газ чачкан. Анда эки миңдей адам кармалып, бир бөлүгү кайра бошотулган.

Имран Хан саясий кризистин тутанышын АКШдан көрүп келет. Ал Кытай жана Орусия менен жакындаганы үчүн Вашингтон ага каршы кутум уюштурду деп эсептейт. Бирок буга эч кандай далил келтире алган эмес. АКШ мындай дооматтардын баарын четке каккан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG