Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:39

Каракалпакстандагы акцияларда өлгөндөрдүн саны 21ге жетти


Нукустагы жапырт нааразылык акциялары.
Нукустагы жапырт нааразылык акциялары.

Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстан автономдук республикасынын борбору Нукустагы июлдун башындагы акцияларда жараат алган дагы үч адам каза болуп, курмандыктардын саны 21ге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хаёт Шамсутдинов атайын брифингде билдирди.

4-июлга карата 18 киши каза болгону, алардын төртөө укук коргоо органдарынын кызматкерлери экени маалымдалган. Жабыркагандар 274кө жеткени, анын 16сы дале ооруканада экени кабарланды.

Нукустагы окуялар 1-2-июлда болду. Анда демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылып, 500дөн ашык киши кармалган, кийин бир нечесин коё беришкен. Бейрасмий маалыматтарга караганда, жараат алгандардын саны миңден көп.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Нукустагы тополоңго байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган эле. Мындан сырткары алардын референдум аркылуу өз алдынча бөлүнүү укугу жоюлганы жаткан.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдоду. Бийлик нааразылык акцияларын күч менен басып, кошумча аскерлер киргизилген. Аймакта августтун башына чейин өзгөчө абал жарыяланган.

Буга чейин Евробиримдик, АКШ, Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG