Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Украин буудайын экспорттоо маселеси Путин менен Эрдогандын жолугушуусунда талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын жана Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган бүгүн 19-июлда Тегеренда өтө турган жолугушууда украин буудайын экспорттоо маселесин да талкуулашарын орус президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков билдирди.

Путин Тегеранга Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн барарын, ал жактан түрк лидеринен тышкары Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен да жолугушарын Кремль өткөн аптада маалымдаган.

Орус президенти үчүн бул 24-февралда Украинага кол салгандан берки мурдагы Советтер Союзунун аймагынан тышкары чет мамлекетке алгачкы сапары болуп калат.

Ушаковдун айтымында, Тегерандагы жолугушуулар алкагында Украинанын буудайын сыртка алып чыгуу маселеси да талкууланат.

Согуш башталгандан бери Орусия Кара деңиздеги айрым портторду басып алгандыктан, ал эми Украина өзүнүн кээ бир портторунун тегерегине мина коюп койгондуктан буудайды мурдагыдай сыртка экспорттоо жолдору буулуп калган. Украина, Орусия, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюму бул маселени жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү жүргүзуп жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG