Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Улан Ниязбеков моралдык жоопкерчилик тууралуу сынга жооп кайтарды


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков аялдарга жана балдарга карата зомбулук токтобой, мындай ишке милиция кызматкерлери да аралашкан учурлар болуп жатканы тууралуу сынга жооп берди. 18-июлда “Азаттыктын” министрдин моралдык жоопкерчилиги тууралуу суроосуна жооп берип ал айыптуу кызматкерлер аныкталып, иштери сотко өткөрүлүп берилгенин айтты жана милициянын ишин эл баалай турганын белгиледи:

“Биздин элге кылып жаткан кызматыбызды эл таразалап, эл баалайт. Бир эле редакциянын же бир эле телевидениенин көз карашы ал бизге сын иретинде түздөнтүп, дем-шык берип жатат. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жанагыдай жаман ишке барганы биз үчүн өтө уят. Мен үчүн да уят. Ар бирибиздин балдарыбыз, карындаштарыбыз, кыздарыбыз бар. Ошону аныктагандан кийин биз өзүбүз ошол кызматкерлерди кармап, тергөөгө өткөрүп берип, эч жашырбай камап, тергеп, ишти сотко жөнөтүп бердик”.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

2021-жылы көчөдө кетип бараткан жеринен уурдалган Айзада Канатбекованын сөөгү талаадан табылган. Бул окуя үчүн иштен четтетилген милиция кызматкерлери кайра эле ишин улантып жатышканы белгилүү болгон.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай Турдаалы кызы милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган. Мындай акциялардын соңкусу 5-июлда өткөн. Анда укук коргоочулар жана жарандык активисттер министрдин отставкасын да талап кылышкан.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөр катарына кирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG