Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:21

Карыз кайтарылууда - Кыргызстан коңшу өлкөлөргө электр кубатын берүүдө


Токтогул гидро электр станциясы. 2021-жылдын 16-июну.
Токтогул гидро электр станциясы. 2021-жылдын 16-июну.

«Электр станциялар» ишканасынын маалыматы боюнча 18- июлда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд. 699 млн. куб метрге жетти. Бул былтыркы ушул маалга караганда 1 млрд. 175 млн. куб метрге көп.

Июлда тоо баштарынан түшкөн суунун орточо агымы секундасына 794 куб метрге жетип жатат.

Мамлекеттик ишкана азыр Кыргызстан кышында Казакстан менен Өзбекстандан алган электр кубатын кайра кайтарып жатканын билдирди.

«Ошол эле маалда өлкөнүн ичиндеги керектөөчүлөргө эч кандай чектөөлөр киргизилген жок. Өткөн күз-кыш мезгилинде Өзбекстан Кыргызстанга 501,4 млн. кВт. саат электр кубатын, ал эми Казакстан 440 млн. кВт. саат электр берген. Бул кыштан өтүүгө оң таасирин берген», - деп айтылат маалыматта.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин 14-июлда өкмөт жыйынында берген маалыматы боюнча, азыркы тапта "энергосистеманын ичиндеги финансылык тартыштык 15 миллиард 275 миллион сом, жалпы чыгаша 40 миллиард сомдон ашык. Быйыл энергетиктер 24 миллиард 993 миллион сомду азыркы тарифтик саясат менен чогултууну пландап жатат. Ортодогу айырма 15 млрд сом. Эң көп тартыштык "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна таандык. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG