Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:18

"Талибан" Тажикстан менен Өзбекстанга ракета атты деген топту кармады


Ооган-тажик чек арасы.
Ооган-тажик чек арасы.

"Талибан" өкмөтү Ооганстандын аймагынан Тажикстан менен Өзбекстанды аткылаган деп айыпталган кылмыштуу топтун өкүлдөрүн кармаганын жарыялады.

Талибдердин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид ишемби күнү Твиттер аркылуу билдиргендей, 15-июлга караган түнү "Талибандын" атайын күчтөрү Кундуз провинциясынын Канжага айылында "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлеринин чордонун жок кылган.

«Атайын операциянын жыйынтыгында кылмыштуу топтун үч мүчөсү жок кылынып, беш адам кармалды. Алардын автоунаалары жана ок атуучу куралдары конфискацияланды. Алар Өзбекстан менен Тажикстанды ракета менен аткылашкан», - деп жазды Мужахид.

Бул кабарды көз карандысыз булактар азырынча ырасташа элек.

Акыркы төрт айдын ичинде Ооганстандан Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагына үч жолу ракета атылган.

Июль айынын башында Өзбекстандын бийлиги Ооганстан менен чектеш аймагына беш снаряд түшүп, Термез шаарынын маалелеринин бириндеги төрт үйгө зыян келтиргенин билдирген.

7-майда ооган тараптан Тажикстанды көздөй жети снаряд атылганын ооган маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Тажик атайын кызматы Ооганстандын Тахор провинциясында "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жергиликтүү бутактарынын кагылышуусу маалында Тажикстанга "кокустан гана ок атылган" деп маалымдаган эле.

Апрель айында "Ислам мамлекети-Хорасан" радикал тобу Ооганстандан Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы аскерий объектилерди көздөй ракета атканы кабарланган. Бирок Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы мындай кабарларды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG