Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:25

Хорватия Сербиянын президентин өз аймагына киргизбей койду


Сербиянын президенти Александр Вучич.
Сербиянын президенти Александр Вучич.

Хорватия Сербиянын президенти Александр Вучичке Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда он миңдеген сербдер жана башка улуттун өкүлдөрү өлтүрүлгөн мурдагы Ясеновац концлагерине жеке сапар менен барууга уруксат берген жок.

Хорват бийлиги Вучичтин сапары тууралуу бейрасмий булактардан гана билгенин, адатта мындай сапарлар эки тараптын ортосундагы расмий макулдашуунун негизинде гана ишке ашырылышы керек экенин 17-июлда билдирди.

Хорватиянын тышкы иштер министри Гордан Грлич Радман кайсы гана өлкөнүн президенти болбосун, ал коргоого алынган адам экенин, анын сапарына хорват бийлиги катышуусу керек экенин айтты.

"Биз өз сапарыбызды дайыма жарыялайбыз. Бирок бул маселеде андай болгон жок. Чек арадан жөн эле өтүп кете албайсың", - деди министр.

Серб бийлиги дароо жооп кайтарып, Хорватиянын аткаминерлеринин өз аймагы аркылуу каттамына чектөө киргизди. Сербиянын ички иштер министри Александр Вулин билдиргендей, эми Хорватиянын бардык мамлекеттик расмий жетекчилери жана дипломатиялык паспорту бар жарандары Сербия аркылуу сапарын расмий түрдө түшүндүрүп бериши керек жана алар атайын көзөмөлдөн өтүшөт.

Сербиянын премьер-министри Ана Брнабич президент Вучич Ясеновацка жеке сапары менен баргысы келгенин, бирок Сербия менен Хорватиянын ортосундагы мамилени сактап калуу үчүн бул сапарын кийинкиге жылдырганын айтты.

Вучич ашынган улутчул саясатчы катары таанымал. Ал 18-июлда маалымат жыйынын өткөрөрү белгилүү болду. Вучич Инстаграмда Ясеновац эстелигинин сүрөтүн жарыялап, "Серб эли жашай берет жана алар эч качан унутпайт!" деп жазды.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында он миңдеген сербдер, жөөттөр жана фашисттерге каршы чыккан хорваттар "Хорватиянын Освенцими" деп аталган Ясеновац лагеринде өлтүрүлгөн. Лагерди Хорватиянын нацисттерге ыктаган Усташи режими башкарган.

Хорватия 1991-жылы мурдагы Югославиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Андан бери расмий Загреб менен Белграддын мамилесинде чыңалуу өкүм сүрүп келет. Көптөгөн серб улутчулдары хорват өкмөтүн Экинчи дүйнөлүк согуш маалында өз аймагында жасалган кылмыштарга көз жумду деп айыпташат. Хорват бийлиги Белград бул маселени өзүнүн ички саясаты үчүн пайдаланып жатканын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG