Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Байден АКШ Жакынкы Чыгыштан оолактабай турганын айтты


АКШнын президенти Жо Байден.
АКШнын президенти Жо Байден.

АКШ Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөргө Ирандын, Орусиянын жана Кытайдын таасирине каршы турууга жардам берүү үчүн чөлкөмдө активдүү оюнчу бойдон кала берет. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 16-июлда Сауд Арабиясынын Жидда шаарында өткөн Перс булуңундагы өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинде айтты.

"Биз кетип калбайбыз жана Кытай, Орусия же Иран толтургудай боштук калтырбайбыз. Биз жигердүү, принципиалдуу америкалык лидерлик аркылуу кызматташтыкты кеңейтүүгө аракет кылабыз", - деди Байден.

Ал Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгышта эл аралык жүк ташуу жолдорун коргоого көмөктөшүүнү көздөрүн айтты. Ошондой эле Вашингтон Иранга өзөктүк куралга ээ болууга жол бербей турганын кайталады.

17-июлда Тегеран Байдендин сөзүнө жооп кайтарып, АКШ Жакынкы Чыгышта чыңалууну күчөтүп жатат деп билдирди.

Суннит мусулмандары басымдуулук кылган Саудия шииттер жетектеген Ирандын чөлкөмдөгү негизги атаандашы. Эки өлкө тең Жакынкы Чыгыштагы таасирин күчөтүүгө аракет кылып келет.

АКШ президенти Жо Байдендин Жакынкы Чыгыштагы алгачкы сапары 16-июлда жыйынтыкталды. Анын алкагында Байден Израилге жана Сауд Арабиясына барып, чөлкөмдөгү мамлекеттердин жана Палестинанын лидерлери менен жолукту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG