Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

"Бириккен демократиялык кыймыл" Таласта жолугушуу өткөрдү


“Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөлөрү.
“Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөлөрү.

Бул тууралуу аталган оппозициялык кыймылдын өкүлү Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Апрель баатырларына куран окуттук. Бийликтин каталарын айттык. Элди уктук", -деп билдирди Жээнбеков.

"Бириккен демократиялык кыймыл" буга чейин "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктүн ишин сындаган. Саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүнүн ачык-айкын иликтенишин, журналисттерге басым-кысымды токтотууну талап кылган.

Кыймыл быйыл март айында түзүлгөн. Уюм демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов саясатчылар Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшөбаев мүчө болгон кыймылды оппозициялык деп атоого болбой турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG